Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн зор потенциал бар. Мындай пикирин бүгүн, 8-февралда вице-премьер-министр Камила Талиева Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Конфуций институтунда кытай элинин жаз майрамын өткөрүү учурунда билдирди.
“Ушул майрамды БГУнун Конфуций институтунда тосуп жатканыбыз жакшы көрүнүш десек болот. Бул институтта кийинки жылдарда эки элдин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн көп иштер жасалды жана институт билим жана маданият боюнча элчи болду десек болот”,- деди ал. Ошондой эле учурда Кытай мамлекети Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн ири инвестицияларды берип, ар тараптуу жардам көрсөтүп келе жатканына токтолуу менен катар гуманитардык кызматташуу да көңүлдөн чыкпаганын белгиледи.