8-февралда Ош шаарында “IDOL” моделдик агенттиги уюштурган "Ош периси-2013" сынагы өттү. 15 селки катышкан бул сынак өзүн тааныштыруу, улуттук кийимдер көргөзмөсү, суроо-жооп сыяктуу 5 турдан турду. Иш-чаранын алып баруучусу ырчы Дайыр Исмадияров болсо, калыстар тобунда дизайнер, модель Асан Бердибаев, "Кыргызстан периси-2011" наамынын ээси Назира Нуржанова өңдүү белгилүү адамдар болду. Сулууларды тандоо жандуу маанайда уланып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды. "Ош периси-2013" наамын Жайнагүл Жаркынбаева аттуу сулуу жеңип, "Кыргызстан периси-2013" сынагына катышууга жолдомо алды. Ал эми "Вице-мисс Ош-2013" наамын Екатерина Заболотова, ал эми “II вице-мисс Ош-2013” наамын Жумагүл Мамасалиева аттуу сулуулар илип кетишти.
Сүрөттө:
1. Жайнагүл Жаркынбаева - "Ош периси-2013" сынагынын жеңүүчүсү