Мирлан Бакиров: "Кредитти сом түрүндө берүүнү токтотуу - банктардын жеке кызыкчылыгы"

Кыргызстандагы көпчүлүк коммерциялык банктар сом түрүндө насыя берүүнү чектешти жана токтотушту. Банктардын биринин өкүлү Азат Өмүралиев SUPER.KG порталына кредиттик саясаттагы азыркы кырдаал тууралуу пикир билдирди. Анын айтымында, сом түрүндө насыя берүүнүн чектелиши - зарылчылык же сомдун жетишсиздиги.  
Жогорку Кеңештин депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Мирлан Бакиров "сомдун жетишсиздиги" деген сөз банктардын шылтоосу деген пикирде. Бакиров мындай кырдаалда Улуттук банк өзүнүн рычагдарын колдонушу керектигин билдирди. 
"Улуттук банк өзүнүн сунушун коммерциялык банктарга берип, абалды турукташтыруунун камын көрүшү керек. Албетте, насыялардын үстөк пайызын азайтып-көбөйтүүгө кийлигише албайт, бирок сом менен насыя берүүнү камсыздоо боюнча реакция жасашы зарыл. Коммерциялык банктар шылтоолоп жатышат, анткени алар үчүн насыяны доллар менен берүү жакшы. Бүгүн 1 долларды 60 сомдон берсе, эртең 70 сомго чыгып кетиши мүмкүн. Бул маселе массалык формага айланчу болсо, биздин комитетте көйгөйдү чечүү жолун сөзсүз талкуулайбыз",- деди Бакиров. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан