Биз социалдык тармакта

Лариса Долина Пхеньянда Ким Чен Ын үчүн ырдап, лидердин колунан гүл алды (видео)

Орусиялык ырчы Лариса Долина Түндүк Кореянын борбору Пхеньянда концерт коюп, өзгөчө көрүүчүлөрдүн алдында өнөрүн тартуулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалым болгондой, концерт 26-ноябрда Орусия менен Түндүк Кореянын XIII өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын алкагында өткөн. Анын ырларын өлкө лидери Ким Чен Ын жубайы Ли Соль Чжу менен бирге угуп отурду.

71 жаштагы ырчы концерттинин эң кызыктуу учуру аягында орун алды. Ким Чен Ын сахнага өзү көтөрүлүп, орусиялык артисттер менен баарлашып, гүл берип, эстелик сүрөткө түшкөнү айтылууда.

Белгилей кетсек, Лариса Долина Түндүк Кореяга биринчи жолу барып жаткан жок. Ал 1988-жылы да бул өлкөдө гастролдо жана 2009-жылы концерт берип, ошол кездеги лидер Ким Чен Ирдин алдында да ырдаган.

Орусиялык ырчы Лариса Долина менен Түндүк Корея лидери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан