11-февралга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

11-февралда республиканын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:

Чүй облусунда - күндүз 0...-5°C, түнкүсүн -6...-11°C,

Талас облусунда - күндүз -2...-7 °C, түнкүсүн -9...-14 °C, 

Ош облусунда - күндүз 1...6 °C, түнкүсүн 0...-5 °C,

Баткен облусунда - күндүз 0...5 °C, түнкүсүн -1...-6 °C, 

Жалал-Абад облусунда - күндүз 1...6 °C, түнкүсүн 0...-5 °C,

Ысык-Көл облусунда - күндүз -2...+3 °C, түнкүсүн -3...-8 °C, 

Нарын облусунда - күндүз -6...-11 °C, түнкүсүн -12...-17 °C,

Бишкек шаарында - күндүз 0...-2°C, түнкүсүн -4...-7°C. Борбор шаарда жаан-чачын күтүлбөйт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан