Ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө башкармалыктары тарабынан 2014-жылы 3645 субъектти текшерүүгө жолдомо алынып, анын ичинен 3379 субъект текшерүүдөн өткөн. Маалыматты Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 13-февралда билдиришти. Көзөмөлдөөнүн жыйынтыгында 1612 мыйзам бузуу фактысы катталып, 340 490 сом айып пул салынган.
"45 ишкердик субъекттин айрымдары мыйзам бузуунун даражасына жараша ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, айрымдары биротоло жабылды. 924 жолу мыйзам бузууларды оңдоого көрсөтмө жазылып, 4 материал тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилген",- деп билдирет мекеме.