Чет мамлекетте иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардан келген акчанын көлөмү 2014-жылы 5,1 пайызга кыскарды. Муну экономика министри
Темир Сариев 13-февралда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди. Анын билдиришинче, мигранттар 2013-жылы 2 миллиард доллардан ашык акча которушса, 2014-жылы
1
миллиард 812 доллар жөнөтүшкөн. Сариев былтыркы кургакчылык айдап-себүү иштерине жана энергетика тармагына ири зыян алып келгенине токтолду. Жыйынга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, вице-премьерлер, министрлер жана өкмөттүн облустагы өкүлдөрү катышып жатышат.