Экономика министрлиги кризиске каршы программа даярдоодо

Кыргызстандын Экономика министрлиги кризиске каршы программа даярдоодо. Муну экономика министри Темир Сариев 13-февралда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди. Долбоор президент Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылды "Улуттук экономиканы чыңдоо жылы" деп жарыялаган жарлыгына ылайык демилгеленип жатканы айтылды. Жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев бардык министрлерге, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө кайрылып, "ар бириңер өзүңөрдүн резервиңерди даярдап, аталган программага киргизгиле" деп тапшырма берди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан