Кыргызстанда бир топ мамлекеттик кызматкерлерге сөгүш берилди (тизме)

Бүгүн, 13-февралда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев коюлган талаптарды аткарбаганы жана иштериндеги кемчиликтери үчүн бир катар мамлекеттик кызматкерлерди иштен алууну жана сөгүш берүүнү сунуштады. Алар төмөнкүлөр: 

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары С.К.Абдрахмановго сөгүш жарыялоо сунушталат.

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы К.Жудеевге эскертүү берилген.

Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.Кожалиевге жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Р.Имангазиевге сөгүш, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Байсейитовго эскертүү берилген.

Тоң жана Түп райондук Салык кызматынын башчылары Жылкычы уулу Талантка жана К.Маматкуловго эскертүү берилген.

Жети-Өгүз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы К.Ашировго сөгүш, Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Т.Исаковду ээлеген кызматынан бошотуу боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлигине сунуш жөнөтүлдү.

Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Саадат Чекированын кызматтык ордун кароо маселеси Билим берүү жана илим министрлигине сунушталсын.

Нарындагы №14-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси К.Бердибековго кызматтык тартип чарасын көрүү каралсын.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Турсуновго кызмат абалын чечүү боюнча сунуш жиберилди.

Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы А.Бердикожоевага тартиптик чара көрүлдү.

Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Р.Чыналиевге, Талас райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары К.Алапаевге, Талас шаарынын биринчи вице-мэри А.Койчубековго жана ошондой эле айыл чарба тармагын көтөрүү боюнча жеткиликтүү иш алып барбагандыгы үчүн Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары М.Табалдиевге эскертүү берилди.

Талас райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Жаркыналиевага сөгүш берүү чарасы сунушталат.

Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары З.Калматованын, Кара-Көл шаарынын вице-мэри Г.Сатарованын жоопкерчиликтерин кароо Кара-Көл шаарынын мэрине тапшырылды.

А.Раманкулова - Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарына;

Т.Ахмедова - Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарына;

Н.Бекжигитова - Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарына;

З.Калматова - Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарына катуу сөгүш берүү чарасы сунушталат.

Ошондой эле Жалал-Абад облустук саламаттык сактоо координатору М.Мияновдун ээлеген кызмат абалын кароо Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылсын.

Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Усеновго сөгүш берилди.

Сокулук району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Н.Сатынбековго сөгүш берүү Мамлекеттик салык кызматына сунушталды.

Б.Карымшаков - Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарына;

Э.Сердюкова - Москва райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарына;

К.Чодуров - Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарына;

Э.Сатылганов - Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарына;

Н.Шаршеналиев - Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарына эскертүү чарасын берүү сунушталат.

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын директору А.Койчубаевге - сөгүш, “Жылуулук камсыздоо" муниципалдык мекемесинин директору К.Алишеровго - сөгүш, "Шаарсвет" Ош электр жарык тармактар ишканасынын директору М.Мамасодиковго сөгүш жарыяланды.

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери У.Каратаеванын кызматтык ордун кароо маселеси Саламаттык сактоо министрлигине сунушталсын.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З.Т.Малабековдун жергиликтүү бюджетке кирешелерди жана төлөмдөрдү чогултуу иши жетишсиз деп эсептелсин.

Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын башчысы Э.Зарлыковго сөгүш жарыялоо жөнүндө каржы министринин атына сунуштама киргизилсин.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан