Кыргызстандагы коммерциялык банктар эмне үчүн сом түрүндө насыя бербей жатышат? (маек)

Кыргызстанда учурда улуттук валютада насыя алуу маселеси курч жана актуалдуу болууда. Кардарларга коммерциялык банктар сом түрүндө насыя берүүдөн баш тартышып, доллар менен көлөмдүү суммаларды беришүүдө. Бул жаатта адистердин пикирин угуу маанилүү. SUPER.KG порталы Кыргызстандын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Аида Карабаева менен кыскача маектешти.

- Коммерциялык банктар насыяларды улуттук валюта менен берүүнү токтотушту. Айрымдар "мындай чектөөлөр Улуттук банк тарабынан уюштурулуп жатат" деп айтышууда...

- Биринчиден, Улуттук банк сом менен насыя берүүдө эч кандай чектөөлөрдү киргизген эмес. Коммерциялык банктар насыяларды өз ресурстук базасын жана кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен берип жатышат. Мындан тышкары банктар өз кезегинде депозиттер боюнча милдеттерин аткарышат.

Статистикага таянсак, быйыл 29-январь – 5-февраль күндөрү жарандарга 500 миллион сомдон ашуун насыя берилген. Анын ичинен улуттук валютада берилгени - 114 миллион, чет мамлекеттик валютада - 395 миллион. Ошондуктан "акыркы күндөрү Улуттук банк насыяны сом валютасы менен берүүгө чектөө киргизди" деген кеп чындыкка туура келбейт.

Балким, буга сезондук фактор себеп болгондур, анткени учурда насыяга суроо-талап анча көп эмес. Мындан тышкары Кыргызстандын экономикасынын түзүмүнө байланыштуу, анткени соода, айыл чарба багыты - экономиканын негизги багыты. Бул тармактардагы негизги активдүүлүк жылдын 3-4-кварталдарында башталат.

- Демек, себеп коммерциялык банктардын резервиндеги улуттук валютанын аздыгында...

- Банктар, албетте, өз ресурстарына карата насыяларды беришет. Эгер ресурстары болсо, насыяларды чектөөсүз бере берет. Мындан сырткары кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Эгер кардар өзүнүн каржы жөндөмдүүлүгүн далилдеп бере албаса, мындай кардарга насыя бербөөгө туура келет.

- Улуттук банк мындай кырдаалды жөнгө сала албайбы? 

- Мындай маселе ар бир банктын ички саясаты менен жөнгө салынат. Буга чейин айтканымдай, ар бир банк өз резервиндеги ресурстарга карап насыя берет. Эгер банктын ресурстары болсо, анда бере берет, анткени алар насыя берүүгө кызыкдар. Кардарлардан бизге “банк сом менен насыя берүүдөн баш тартты” деген сыяктуу кайрылуулар, арыздар түшкөн эмес. Эгер ушундай арыз түшкөн болсо, Улуттук банк муну сөзсүз түрдө караштырмак. Биз дагы мындай маалыматтарды массалык маалымат каражаттарынан алып жатабыз, бирок бизге расмий түрдө эч ким кайрыла элек.

- Коммерциялык банктар “жашыруун оюндарды" жүргүзүп, Улуттук банкка башка маалыматты, кардарларга башка маалыматты берип жатышы мүмкүнбү?

- Биз дагы текшерүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер факт катталган болсо, биз тийиштүү чараларды көрөбүз.

Коммерциялык банктар насыяларды берүүдө өз ички саясатына таянып берет. Улуттук банк алардын ички иштерине кирише албайт. Бирок эгер банк насыялардын үстөк пайыздарын ачык жарыялап, насыяны берүүдөн баш тартса, мындай иш-аракет келишимдин талабын бузуу катары саналат. Ошондо кардар бул факт боюнча бизге кайрылса, биз мыйзамдын негизинде эскертүүдөн баштап лицензияны алууга чейин чара көрө алабыз. Чара мыйзам бузуунун олуттуулугуна жараша тандалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан