Трамп Ирандын өкүлдөрү менен качан сүйлөшө турганын айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр кийинки жумада боло турганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ал Гаага шаарында өткөн НАТО саммитинен кийин журналисттерге берген маегинде билдирди.

«Биз Иран менен кийинки жумада сүйлөшөбүз», — деди АКШ президенти.

Трамптын айтымында, бул жолугушуунун алкагында жыйынтыктоочу келишимге кол коюлушу мүмкүн.

Мындан тышкары, Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен дагы бир жолу телефон аркылуу сүйлөшүүнү пландап жатканын маалымдады. Ал бул жолку сүйлөшүүдө Украина маселесин талкуулоону кааларын айткан, бирок сүйлөшүү качан боло турганы боюнча маалымат берген эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн НАТО саммитинин алкагында Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, алардын сүйлөшүүсү 50 мүнөткө созулган. Зеленский бул маекте «ок атышууну токтотуу жана тынчтыкка жетишүү» сыяктуу маанилүү темалар талкууланганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан