Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 13-февралда парламенттин 18-19-февраль күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибин бекитти. 18-февралда парламентте бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөр: “КРнын кинематографиясына мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “КРнын мамлекеттик протоколу жөнүндө” жана патенттик мыйзамга сунушталган түзөтүүлөр каралмакчы. Ядролук материалды күч менен коргоо жөнүндө конвенцияга кошулууну жана эл аралык макулдашууларды да карайт.
Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер”, “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоого жана террористтик актыларды же экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттер жөнүндө”, “Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз маалында төлөбөгөн учурда же толук эмес төлөөдө кошулган каржылык санкцияларды жана туумдарды жоюу жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылууда.