Бишкектеги студенттер жатакананын абалы боюнча депутаттарга арызданышты

Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин №2-жатаканасынын студенттери жатакананын абалына нааразы. Муну алар Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жолдоо менен билдиришкен. Студенттердин кайрылуусу боюнча парламент депутаттары Эркингүл Иманкожоева менен Майрамкүл Тиленчиева аталган жатаканага барышты. 

"Жатакана жашоочуларынын айтымында, 1-курстун студенттери жылына 7 миң, ал эми 5-курстун студенттери 5 миң сомдон төлөп жашашат. Топтолгон каражаттарды жатакананын шартын оңдоого жумшабай, кайда кетип жаткандыгын тактоого алуу маселеси көтөрүлүп, ишти атайын комиссия иликтөөгө аларын айтышты депутаттар",- деп билдиришти ЖКдан.

Студенттер жатакананын ичин иретке келтирүүнү, анын алдында китепкана, маалыматтарды издөөгө ыңгайлуу болгон интернет-бөлмө ачууну өтүнүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан