Алдын ала маалыматтар боюнча, тышкы соода жүгүртүү 7 612,3 миллион АКШ долларын түздү же 2014-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 4,8 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт –1 879,9 миллион АКШ доллары (6,3 пайызга азаюу), импорт – 5 732,4 миллион АКШ доллары (4,3 пайызга азаюу).
Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн чоңоюп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 3 852,5 миллион АКШ долларын түздү, бул сумма 2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,2 пайызга аз.