Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын комиссиясы окуу жайдагы иш-чараларды текшерүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында ведомство аралык комиссия иштеп жатат. Комиссиянын курамында Билим берүү жана илим министрлигинин, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бар. Бул тууралуу 14-февралда аталган окуу жайдан билдиришти. Комиссия угуучулардын жана академиянын кызматкерлеринин бир нече арызданууларынан улам түзүлгөнү маалымдалды. Ал окуу жайдагы билим берүү процессине байланышкан билим берүү жана эсеп-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерет. "Текшерүүнүн жыйынтыгы объективдүү болуш үчүн окуу бөлүмүнүн проректору С.А.Турсунов убактылуу кызматынан четтетилди. Бул чечим окуу жайдын жетекчилиги тарабынан бекитилди",- деп билдирет мекеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан