Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 13-февралда Жалал-Абад облусунун башчысы Жумагүл Эгембердиева менен жолугушту. Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2014-жылы калктын өкмөткө болгон ишеним индекси 5 эсе өскөнүн айткан премьер "элдин өкмөткө болгон ишеним индексинин көрсөткүчү боюнча облустар аралык рейтингде Жалал-Абад облусу биринчи орунда" деп билдирди.
Оторбаев облус башчыга иш-чаралардын планын түзүүдө акимдер менен айыл өкмөт башчыларына колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди. "Ар бир акимге айдын аягына чейин жекече пландарын түзүү жана аны облус жетекчилери тарабынан бекиттирүү тапшырмасы берилет. Айыл өкмөттөрү да айдын ичинде пландарын түзүшү керек",- деди өкмөт жетекчиси.
Премьер-министр Жалал-Абад облусун таза суу менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон райондорунун суу менен камсыздоо системин реабилитациялоо керектигин кошумчалады.