"Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 4 жылда 71 орунга алдыга жылды" дейт өкмөт башчы

Кыргызстанда 2014-жылы облус башчыларына 479 тапшырма берилип, анын 418и аткарылды. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 13-февралда жыл жыйынтыгы боюнча өкмөттө өткөн жыйында маалымдады. Оторбаев быйыл облус жетекчилерине 888 тапшырма берилерин эскертип, "бардык деңгээлдеги ар бир жетекчи өзүнүн ишин сапаттуу аткарышы зарыл" деди. Премьер өкмөттүн ишин коомчулукка жеткирип жатканы үчүн массалык маалымат каражаттарына ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу буларды айтты: "Кыргызстан 2010-жылдан бери 71 позицияга көтөрүлдү же 159-орундан 88-орунга чыкты. Бул биздин өлкө үчүн жакшы көрсөткүч"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан