Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коллегиялык жыйын өтүүдө

Бүгүн, 14-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коллегиялык жыйын өтүүдө. Ага өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурханбек Момуналиев, министрликтин жетекчилиги, түзүмдүк жана облустук башкармалыктардын башчылары катышууда.

Коллегияда ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо департаментинин жана Гидрометеорология боюнча агенттигинин ишмердүүлүгү жөнүндө, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттери жана өкмөттүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы "Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системинин" максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасын бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу маселеси каралууда.

"Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо департаменти тарабынан “Кыргыз Республикасынын аймагында 2014-жылы мүмкүн болгон кооптуу жараяндар менен кубулуштардын активдешүүсүнүн мониторинги жана божомолдоо” аттуу китеби даярдалып, он биринчи жолку басманын 20 нускасы чыгарылып, тийиштүү жетекчилерге, министрликтер менен ведомстволорго электрондук вариантта берилген. Департаменттин ишмердүүлүгүндө 2013-жылы 1701, ал эми 2014-жылы 1626 кооптуу табигый процесстер күтүлүүчү аймактар изилденди",- деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан