Педофилдерди химиялык кастрациялоо чарасы үчүн бир кишиге жыл сайын 6 миң доллар акча жумшалат
Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы
Паиза Сүйүнбаеванын педофилдерди химиялык кастрациялоо чарасы үчүн жумшалчу каражаттардын суммасын билдирди. Анын айтымында, мындай чара үчүн ар бир кишиге жыл сайын 6 миң
доллар жумшалат. Ал эми Ички иштер министри Шамиль Атаханов химиялык кастрациялоо
жазасын колдой тургандыгын билдирди. Учурда мектеп окуучулары да жашы жете элек балдарды зордуктоо кылмышы боюнча айыпталып
жатканын айткан министр, эгер кылмыш иши далилденсе, окуучуларга 14 жаштан баштап аталган жазаны колдонууга мүмкүн экенин кошумчалады.