Бишкек шаарында документи жок 17 миң адам бар экени айтылды

Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 13-февралда документсиз жарандардын санын кыскартуу темасы боюнча тегерек стол уюштурду. Социалдык саясат комитетинин төрагасы Эркин Сакебаев бул көйгөйдү чечүү кечиктирилип жатканын белгилеп, буларды айтты:
"Жакында комитетте 2 жашар Ибрагимге зомбулук көрсөтүлгөнүн талкууладык. Биринчи эле учурда анын эч кандай документи жок экени, эч жерге катталбаганы аныкталды". 
Укук коргоочу Чолпон Жакупова документсиз жарандардын көйгөйү улуттук коопсуздукка таасирин тийгизерин билдирип, "ар бир мамлекет өзүнүн жарандарынын так санын билүүгө кызыкдар болушу керек" десе, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова мэрия Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге шаарда документи жок 17 миң адам бар экенин аныктаганын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан