Алмазбек Атамбаев советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-февралда советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда булар айтылат: 
“Урматтуу мекендештер! 
1989-жылдын 15-февралында ооган-советтик чек араны акыркы аскер колоннасы кесип өтүп, Ооганстандан советтик аскерлерди чыгарып кетүү иши аяктаган. Интернационалдык милдетин аткаргандардын арасында миңдеген кыргызстандыктар да бар эле. Бүгүн биз жоокерлерге жана сержанттарга, офицерлерге жана дарыгерлерге, кайраттуулук, каармандык менен аскердик милдетин татыктуу аткарган бардык мекендештерибизге терең урмат көрсөтөбүз. Өз өмүрүн курмандыкка чалып, Ата Мекен алдындагы милдетин аткаргандарга таазим этебиз. Сиздерге түбөлүк даңк! Ошол согуштан кайтпай калгандардын үй-бүлөлөрү, туугандары жана жакындары менен оор жоготуусун тең бөлүшөбүз. Каарман мекендештерибиздин элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат! 
Өткөн жылдарда - эркиндикке жана эгемендикке умтулган жылдары биз, Кыргызстан эли, көптөгөн сыноолордон өттүк. Тынчтыктын жана туруктуулуктун чыныгы баасын билдик. Эл аралык терроризм, сепаратизм жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруу канчалык коркунучтуу экенин өз башыбыздан өткөрдүк. Мекенибиздин башына мүшкүл иш түшкөн жооптуу учурларда жоокер-ооганчылар биринчи болуп жардамга келип жатышты. 
Урматтуу жоокер-интернационалчылар! 
Сиздердин турмуштук тажрыйбаңыздар азыр дагы Куралдуу күчтөргө, укук коргоо органдарына, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишине керек. Сиздердин баатырдыгыңыздар жана каармандыгыңыздар Кыргызстанды коргоочулардын азыркы муундары үчүн элге, Ата Мекенге кызмат кылуунун жана аскердик антты бек сактоонун мыкты үлгүсү катары кызмат өтөйт. 
Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы менен куттуктайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ачык асман каалайм. Мекенибиздин жаркын келечегине багытталган эмгегиңиздер үзүрлүү болсун!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан