Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг департаменти сынга кабылды

Бүгүн, 14-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өткөн коллегиялык жыйында министр Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг департаментинин ишин сындады.

Департаменттин берген отчётунда статистикалык маалыматтан башка эч нерсе жок экенин айткан министр: "Отчётто илимий негиздер менен анализдер жок. Көйгөйдү аныктап изилдеш керек. Мисалы, кар жааса, 1,5 метр кар жаады, жакында көчкү жүрөт дебей, көчкү жүрүү тобокелчилигин аныктоо милдети турат",- деди министр.

Министр департаментке "гидрометеорология менен иштешкиле" деген тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан