Экстремизмге каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ролун күчөтүү, ага аймактык милиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн тартуу максатында ИИМдин 10-башкармалыгы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте семинар-тренингдерди өткөрүүдө. Муну бүгүн, 14-февралда ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Тренингдер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлүп, ага тийиштүү органдардын өкүлдөрү: милиция кызматкерлери, акимдер, айыл өкмөт башчылары жана башкалар катышышканы айтылды. "Экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү, чыр-чатактардын алдын алууга багытталган мындай иштерди өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүү пландалууда",- деп билдирет министрлик.