Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабында бүгүн, 14-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 26 жылдыгына карата эскерүү митинги өттү. Жоокер-интернационалчылардын, Мамлекеттик чек ара кызматынын Борбордук аппаратынын жана Башкы штабынын өздүк курамынын алдында Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Мамбеталиев куттуктоо сөзүн айтты.
"Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ал согуштун изи калды. Алган жаракаттарына карабай жоокер-интернационалчылар жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого активдүү катышып келишет. Каза болгон жоокер достордун элесин унутпайбыз, өзгөчө урматтоого бүгүн биздин катарыбызда тургандар татыктуу. Алар - өздөрүнүн тажрыйбасын республиканын чек ара коопсуздугун сактоого жумшап жаткандар",- деди Мамбеталиев.
Жоокер-интернационалчыларга акчалай сыйлыктар берилгенин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.