Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2014-жылы өкмөт, парламент жана президент тарабынан берилген 90 тапшырманын 84үн аткарды. Муну өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев 14-февралда аталган министрликте өткөн коллегиялык жыйында билдирди. "Бир тапшырма мөөнөтүнөн кечигип аткарылды, алтоосу азыркы учурда аткарылуу стадиясында. 37 укуктук-нормативдик актылардын 33ү аткарылса, төртөөсү учурда аткарылууда. Бул жаман көрсөткүч эмес, бирок быйылкы көрсөткүчтөр мындан да жогору болот деп үмүттөнөбүз",- дейт Момуналиев.
Аппарат жетекчиси министрликтин ички көйгөйлөрүн чечүү тууралуу пикир билдирди. "Министрликте иштеген кызматкерлер катары мындагы көйгөйлөрдү силер жакшы билесиңер. Мекемени өнүктүрүү боюнча сунуштарды жана демилгелерди өкмөт дайыма колдойт",- деп кошумчалады Момуналиев.