Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 14-февралда Кыргызстанда 2020-жылга чейин маданиятты өнүктүрүү стратегиясынын бет ачарына катышты. Вице-премьер стратегиянын долбоору ата мекендик маданияттын кайра жаралышына багытталганын айтат.
"Маданият - мамлекеттик идеологияны бекемдөө жана улуттук баалуулуктарды түзүүдө кубаттуу курал. Азыркы учурда ата мекендик маданият жардамга жана мамлекеттик колдоого муктаж. Ушул факторлорду эске алуу менен стратегия улуттун чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүнү камсыздоого, каада-салтты, маданий баалуулуктарды сактоого багытталган",- деп билдирди.
Стратегиянын негизги багыттарына токтолгон Ниязалиева документке маданият ишмерлери тарабынан айтылган сунуштар киргизилгенин белгиледи.