Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүндө жарандарга маалым каттар (справка) акысыз бериле баштады. Бул тууралуу аталган Көк-Ой айылдык кеңешинин катчысы Дастан Кылычбек уулу билдирди. Анын айтымында, мурун бул иш кагаздары 30 сомдон берилип келген. Эми бул чыгымдарды айыл өкмөтү өзү каржыламай болду.