Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы кызматтан бошотулушу мүмкүн

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинде КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Самир Осмоналиевди кызматтан бошотуу маселесин кароо чечими чыкты. Комитет алдыдагы жыйындарында бул маселени карайт.

Жыйындын жүрүшүндө аталган комитеттин мүчөлөрү 2013-2014-жылдардагы эпизоотикалык абалды жакшыртуу боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалоону сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан