Ош-Баткен-Исфана унаа жолун борбор азиялык экономикалык кызматташтык унаа тармагына киргизүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2012-жылдык жыйынтык отчётунда белгиленген. Анда аталган унаа жолуна кошумча 50 чакырым узундуктагы Исфана-Худжанд жолун кошуу маселеси каралган.