Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 16-февралда Орусия жана Казакстанга барган кыргыз жарандарынын каттоого туруу мөөнөтү боюнча өкмөттөр ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун карады.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, азыркы учурда иштеп жаткан келишимдерге ылайык, Орусия аймагына барган кыргыз жарандары 7 күндүн, ал эми Казакстан аймагына баргандар 5 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш. "Азыр каралган мөөнөттөр 30 күнгө чейин узартылууда. 2014-жылдын соңунда эки өлкө жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушундай макулдашууга жетишилген",- деди Абдылдаев.
Жыйынтыгында келишим долбоорлору жактырылды. Депутаттардын пикиринде, бул макулдашуулар тышкы миграция жаатындагы абалды жакшыртып, кыргыз жарандарынын эки өлкө аймагында жүрүүсүн кыйла жеңилдетет. Келишим кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет. Ошону менен бирге тышкы миграция маселесин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен алып, кайрадан Тышкы иштер министрлигинин кароосуна өткөрүү сунушу берилди.