Талас. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйыны болуп өттү

9-февралда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2012-жылдагы аткарылган иштер тууралуу коллегиялык жыйыны болуп өттү. Иш-чарага өлкөнүн вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев катышты. Сарпашев өз сөзүндө жергиликтүү  район жетекчилерине, айыл өкмөт башчыларына көп укуктар берилгенин, алар өз кезегинде бул мүмкүнчүлүктөрдү облус элинин жашоо-шартын жакшыртууга колдонушу керектигин белгиледи. Ошондой эле вице-премьер-министр элдин жашоосун жакшыртуу үчүн айыл чарбасын көтөрүп, кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын куруу зарыл экендигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан