Ушул жылдын 10-11-март күндөрү Жогорку Кеңеш “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” деген темада республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Мындай кабарды Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 16-февраль күнү билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам, орфографиядагы талаш маселелер, терминология жана сөз жасоо, котормо маселелери боюнча тилчи-адистердин жана мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары айтылат. Пикир алмашуулардын негизинде мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери илимий жактан такталып, туура чечим кабыл алуу максаты коюлат.
«Атайын уюштуруу тобу мамлекеттик тил көйгөйлөрүн чечүү негиздерине арналган илимий баяндамаларды да кабыл алууда. Азыркы тапта алардын эсеби 50гө жакындап калды. Ал өлкөнүн ар тарабындагы окумуштуулар тарабынан жөнөтүлгөн маанилүү маалыматтар болуп саналат»,- дейт Илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун соцлингвистика жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты Гүлнара Жамашева «Парламент» радиосунун түз эфиринде берген маегинде.