Нарын облусунда 3 күн бою тынбай жааган кардын калыңдыгы 30 сантиметрден ашты. Бул абал шаардагы унаалардын кыймылын азайтып, айрым жерлерде тыгындар пайда болууда. Учурда “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасы Нарын шаарынын борбордук көчөлөрүн тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле бүгүн, 11-февралда саат 9:40та облустук администрациянын имаратынын алдындагы карды күрөө ишине өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков баш болгон администрациянын кызматкерлери чыгышты. “Таза-Нарын” ишканасынан 3 жүк ташуучу унаасы келип, күрөлгөн карды алып кетти. Борбордук көчөлөр толугу менен кардан тазаланды.