- Туулган жылыңыз?
- 1981-жыл, 25-ноябрь. Балыкчы шаары.
- Бишкекте үй-бүлөңүз менен турасызбы?
- Үй-бүлөм менен турчумун.
- Кимдер бар эле үй-бүлөңүздө? Балдарыңыз экөө тең уулбу же кызбы?
- Улуусу кыз, 4 жашта, Нурайым. Экинчиси уул, Чыңгыз.
- Канча жашта?
- 2 жашта.
- Мурун соттолдуңуз беле?
- Жок, соттолгон эмесмин.
- Кайсы жерде иштечү элеңиз?
- Мен №44-мектепке октябрда сүйлөшүп, ошол жерде иштеп баштагам.
- Канча болду эле иштегениңизге?
- 4 ай болду го.
- Кайсы тилден сабак берчү элеңиз?
- Англис тилинен.
- Бишкекте жашаганыңызга канча болду эле?
- 2013-жылдан бери. Июлбу, июнбу, ошол айларда келдик.
- Кайдан келдиңер?
- Канттан келдик.
- Кантта турчу белеңиз? Ал жакта канча жашадыңыздар?
- 4 жылдай жашадык. 2009-2010-2013-жылдары.
- Ал жакта эмне менен алектенчү элеңиз?
- Мектепте мугалим болуп иштегем.
- Күйөөңүз менен качан баш коштуңуз эле?
- 2009-жылы.
- Жолдошуңуз кайсы жерде иштейт?
- Жолдошум Портер айдайт.
- Шаардын кайсы жеринде турасыз?
- Шаарда биринчи Оренбургскийде турдук. Андан кийин мен ооруп калып, мен өзүмө өзүм кол сала баштаганда күйөөм апамдыкына жеткирип койду. Ошол, өзү болсо Дордойдо, Оренбургскийде турду. Мен кичине жакшы болуп калганда чогуу жашадык.
- Сиз эмнеге өзүңүзгө кол салчу элеңиз?
- Туура эмес тамак жеп алганымда, ошондо...
- Эмне тамак жедиңиз эле?
- Биринчи короз жегем, андан кийин чучук жегем.
- Короз жегениңиз үчүн эле өзүңүзгө кол салдыңызбы?
- Болбойт окшойт, Кудайга жакпай калдым окшойт.
- Кайсы жылы кайра чогуу жашап калдыңар, балдарыңар силер менен турчу беле?
- Ооба, чогуу жашап жаттык. Балдар мени менен болушту.
- Мурун сиз жумушка кеткенде балдарды ким карап жатты?
- 1-5-күндөрү күйөөм карачу.
- Эмне себептен балдарыңызды бычактап салдыңыз?
- Мен аларды кирдетип алган окшойт деп ойлодум.
- Кирдетип?
- Ошол мага көрүнчү да. Кирдетип алганым көрүнчү.
- Кантип кирдетип? Түшүндүрүп бериңизчи?
- Кудайга жакпаган иштерди кылып алдым окшойт.
- Анан?
- Мен ойлодум... Мен ойлосом кишилердин жаны чыгып кетчү.
- Дагы кайсы адамдын жаны чыгып кетти эле?
- Бир кыздын жаны чыгып кеткен.
- Каяктан чыгып кетти эле?
- Жок, тиги молдого барганда жакшы көрүп койгонумда тиги кыздын жаны чыгып кетти.
- Анан кызыңыз менен балаңызга бычак сайганга эмне себеп болду? Бычакты кайдан алдыңыз?
- Тамак бышырган эле бычак болчу.
- Канча жолу сайдыңыз? Биринчи кимди сайдыңыз?
- Нурайымдан баштадым.
- Уктап жатышты беле?
- Нурайымды дары берип уктаткам. Балам ичпей койду.
- Дарыны кайдан алдыңыз?
- Аны мен кээ бирде өзүм иччүмүн. Уктай албай жатканда.
- Кылган ишиңизге өкүнөсүзбү?
- Башынан баштап эле өкүнөм. Өкүнгөндө эмне, туура эмес жолду тандап алдым, ошол.
- Балдарыңызда күнөө жок да, эми сиз тандап алган жолдо.
- Ооба, күнөөсү жок.
- Сиз мурун ооруканада жаткан эмес белеңиз?
- Жаткам, биринчиси №3, анан экинчиси №8 же 9 беле...
- Эмне болуп жаттыңыз эле?
- Биринчисинде коркуп кеткем. Анан баламды тартып албасын деп.
- Ким тартып албасын деп?
- Милициялар чогулуп келишти эле, "баласын өлтүрүп алат, баласын алалы" деп. Анан мен ушунчалык корктум, баламды алып кетип калат экен деп. Анан айткам да, "баламды алсаңар, мен силерди атам" деп жөн эле коркутуп койгом аларды.
- Эмне менен коркуттуңуз эле?
- Көзүм менен...
- Көзүңүз менен атам деппи?
- Ошол, анан көзүм соолуп калды.
- Жолдошуңуз буга кандай карады?
- Тилин сунуп койду.
- Жөн эле тилин сунуп койдубу?
- Анан ыйлады...
- Балдарыңызды мурун сабачу белеңиз?
- Кээ бирде сабачумун, атасы тийбе дечү.
- Эмне менен сабачу элеңиз?
- Жөн эле көтөнүнө акырын чаап койчумун. Кээ бирде может кичине катуу.
- Энелик мээримди көрсөтчү белеңиз?
- Мм... жакшы көрчүмүн балдарымды. Эч ким өлтүрбөсө экен дечүмүн.
- Анан эмнеге өзүңүз өлтүрдүңүз? Айтып бериңизчи, сиз эмне себептен балдарыңызга кол салганыңызды түшүнө албай жатам?
- Менде просто дайыма эки жол болот да. Туура жол, анан туура эмес жол. Ошол мен туура эмес жолго кетип, анан күнөөкөр болуп. Анан өзүмдү жеңе албай калдым.
- Өзүңүздү жеңе албай калганыңызга балдарыңызда эмне күнөө?
- Менин балдарыма уже көп деле сезим болбой калган да.
- Сезим болбой калды? Жаман көрүп калдыңыз беле?
- Жаман көрүп эмес... просто...
- Жөн эле энелик мээримиңиз түгөнүп калган, ээ?
- ...