Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева эки баласын өлтүргөн мугалим боюнча териштирүү жүргүзүлөpүн айтты

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өз балдарын өлтүргөн мугалим боюнча териштирүү жүргүзүлө турганын бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына билдирди. Анын билдиришинче, бул окуя бүгүнкү күндө мугалимдерди психикалык жактан кароодон өткөрүү керектигин далилдеп койду. Д.Ниязалиева мындай көрүнүштөрдүн коомдо көп катталып жатышы өкүнүчтүү экенин билдирди.

“Тилекке каршы, мугалимдерди жумушка кабыл алууда алар психикалык жактан экспертизадан өткөрүлбөйт. Биринчи кезекте мугалимдер кароодон өтүшү керек, анткени алар балдарга жакын. Ал эми өз баласын өлтүргөн эне психикалык ооруканага жатып, каттоодо турганын жана мектепке кандайча мугалим болуп орношконун иликтөөгө алып, чара көрүшүбүз керек”,- деди Ниязалиева. 

Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган. Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени айтылган эле.

"Кызыма дары берип уктатып, анан бычактадым"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bakulya79
2015-02-16 20:05:06
Буга окшогондорго коментарий да жазгым келбей калды.
0
N.mira
2015-02-17 00:24:49
Кудай сакта.акыркы убакта жаш балдарга зордук зомбулук кучоду.буга чара корбосо болбойт.
0
Leili
2015-02-17 01:10:20
Аябай коп болдуго кечине балдар кол салган!Бир чара корсо ак уй кок уйдогулор!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан