Ош. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата айрым мектептерде көчөттөр отургузула баштады

 

Оштогу №53-орто мектепте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата балаты жана бадал көчөттөрү отургузулду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын катышканын ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. 

А.Алтыбаеванын айтымында, бул көчөт отургузуунун башталышы гана, жазында дагы бак-дарактар тигилет. Мындай жөрөлгө Ош шаарындагы башка мектептер тарабынан да улантылып, жашылдандыруу иши мектеп окуучуларынын такай көзөмөлүндө болот.  

Ошондой эле мектепти спорт залы менен камсыздоо маселесин көтөргөн мектеп директоруна депутат мындайча жооп берди: "Бул мектеп өткөн жылы пайдаланууга берилген. Ага чейин жети жыл бүтпөй турган. Мындай мектептер арбын болгондуктан, кыргыз парламенти 2010-жылы өлкө аймагындагы аягына чыгарылбаган мектеп имараттарынын курулушун биринчи кезекте бүткөрүү тууралуу чечим кабыл алган". 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан