Жоомарт Оторбаев чиновниктерге журналисттердин макалаларына катуураак көңүл бурууну тапшырды

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөткө журналисттердин макалаларына катуураак көңүл бурууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-февралда ал КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев менен жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарандардын кайрылууларына жооп кайтаруу маселеси боюнча иштиктүү жолугушуу өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөдө мамлекеттик орган кызматкерлери тарабынан укук бузуу фактыларын үзгүлтүксүз жарыялаган жана коомдук маанилүү маселелерди көтөргөн ЖМК жана жарандык активисттердин ролу жогорулап бара жатат.

"Демократиялык өлкөнүн негизги белгилеринин бири катары басма сөз эркиндиги эсептелет. Бул абдан чоң күч, аны толук түрдө пайдалануу керек. Өкмөт коом алдында отчёт берүүсү керек жана анын ишинин негизги критерийи болуп калктын ишеним деңгээлин жогорулатуусу эсептелет",- деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан