Кыргызстанда 2014-жылы 263 ветеринардык дарыкананын 225и текшерүүдөн өтүп, 12синин иши токтотулду. Муну парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 16-февралдагы жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиев билдирди.
Республиканын түндүк аймагынан келүүчү мал жандыктарын көзөмөлдөө үчүн Ысык-Көлдүн Кызыл-Көпүрө аймагына жана Кара-Балта шаарындагы Сосновка аймагына түнкү күзөт көзөмөлдөрү уюштурулганы, ветеринардык талаптарды сактабагандыгы үчүн базар ээлерине, мал ээлерине жана ветеринарларга тийиштүү чаралар көрүлгөнү айтылды. "1612 ветеринардык мыйзам бузуу катталып, айып пул 340 миң сомду түзгөн. 4 материал укук коргоо органдарына берилген. Республика боюнча 74 касапкананын 14ү убактылуу жабылган. 2014-жылы чек ара пункттарында инспекторлор тарабынан 80 баш бодо мал, 41 жылкы, 416 кой-эчки, 5516 даана жумуртка, 116 тери, 65 килограмм курут кармалып, артка кайтарылган",- деп билдирди Осмоналиев.