Өзбекстан тарап Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавынын жашоочуларына гуманитардык жардам жеткирди

8-февралда Өзбекстан тарап Кыргызстандын өткөрүү пункттары аркылуу өтүп, Сох анклавынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирип берди. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, аталган анклавдын жашоочуларына 9 жүк ташуучу унаада азык-түлүк, отун, кийим жана дары-дармектер жеткирилди. Бул унаалар Кыргызстандын “Кадамжай” өткөрүү пункту жана “Чечме” текшерүү бекети аркылуу өтүштү.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан