Ысык-Көл. Каракол шаарынын брендин көчөлөргө орнотууга каражат бөлүүгө шаардык кеңештин депутаттары каршы болушууда
2012-жылы USAID долбоорунун алкагында Каракол шаарынын бренди иштелип чыгып, анын
бет ачары өткөрүлгөн.
Шаардын өзүнө гана таандык
логотип иштелип чыгып, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн
өнүктүрүүгө
биринчи кадам жасалган. Мындан сырткары шаардын интернет-порталы да түзүлгөн. Учурда шаардык кеңештин
депутаттары Караколдун бренди тартылган көрнөктөрдү
шаарга орнотуу үчүн каражат бөлүүгө каршы болушууда. Алар
мындай кадамын шаардын бюджетинин тартыштыгы менен түшүндүрүшүүдө.