Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында ЛГБТны (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) үгүттөөгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Курманбек Дыйканбаев эгер мурда ВИЧ/СПИД оорусу көп учурда ийне аркылуу жугузулса, азыркы тапта эркектердин ортосунда болгон жыныстык акттын жыйынтыгында өтүп жаткандыгын билдирди. "ЛГБТнын баалуулуктары биздин адеп-ахлакка каршы келет. Мыйзам долбоору менен биз Кыргызстанда гей-параддарды өткөрүүгө, аларга арналган тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштап жатабыз. Гейлер өз үйлөрүндө эмне кылгысы келсе, кыла беришсин, бирок коомго өз баалуулуктарын жарыялабасын деп жатабыз. Мисалы, телеберүүлөрдө, басылмаларда бир жыныстык акттарга чакыруу боюнча жарнамаларды байкап жатабыз. Бул терс көрүнүш",- деди депутат.
Комитет мүчөсү Ширин Айтматова демилгечилерди мыйзам долбоорундагы "үгүттөө" деген сөздү тагыраак түшүндүрүүгө чакырды. Мындан тышкары ал депутаттар кантип аталган жарнамаларды таап жатышканына кызыкты. Турсунбай Бакир уулу "бирге издеп көрөлү" деп тамашалады. Андан соң Ш.Айтматова мыйзам долбоорун "дискриминациялык" деп баалап өттү.