Кыргызстанда социалдык мекемелердин аймагында курал сатууга тыюу салынышы мүмкүн

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети мектеп, оорукана, тамактануучу жайлардын жана башка социалдык мекемелердин аймагында курал сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Депутат Галина Скрипкинанын айтымында, куралдарды сатууга тыюуну бир гана социалдык мекемелерде эмес, турак үйлөргө да салуу керек. "Жардыруучу заттар ошол үйлөрдө жашаган адамдарга коркунуч келтирет. Үйлөрдүн аймагында кичинекей өрттөн жарылып кетчү газ түтүктөрү да бар",- деди депутат.
Комитет мүчөлөрү курал сатуу менен алектенген жеке ишкерлердин кызыкчылыктарын сактоону эске алуу керектигин белгилешип, аталган мыйзам долбоорун жактырышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан