Ысык-Көл. 2012-жылы облуста 27,6 миллиард сомдук азык-түлүк өндүрүлгөн

2012-жылы Ысык-Көл облусунда 27,6 миллиард сомдук өнөр жай азык-түлүгү өндүрүлгөн. Мындай көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу бир кыйла төмөндөп кеткенин билдирет. Бул тууралуу облус боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында сөз болду. Өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөп кетиши Түп, Жети-Өгүз, Балыкчы  район, шаарларындагы өндүрүш көрсөткүчү төмөндөп кеткендиги менен түшүндүрүлдү. Буга кошумча Балыкчы шаарындагы «Россалкотрейд» ишканасынын жоюлушу да себеп болгон. Ал эми Жети-Өгүз районундагы «Ак-Жалга», Түп районундагы “Сүт-Булак” ишканалары сүт азыктарын Казакстанга экспорттой албай калгандыктан планды толук аткара алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан