Парламент комитети юстиция министри кызматына Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети юстиция министри кызматына Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин бир добуштан жактырды. Мындай чечим комитеттин 17-февралдагы жыйынында кабыл алынды. 
Айта кетсек, министрлик кызматка Ж.Мамбеталиеваны өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев сунуштаган.
Жылдыз Мамбеталиева
Туулган жылы - 1971-жыл, 26-январь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, адистиги - укук таануу.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис. 
Акыркы мезгилде иштеген кызматтары:
2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында укуктук камсыз кылуу жана кадрлар кызматы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2008-жылдан бери юстиция министринин орун басары болуп иштейт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан