Япония өкмөтү 18 жыл ичинде Кыргызстанда 114 долбоорду ишке ашырды. Муну 17-февралда Жайыл психоневрологиялык мекемесине 100 985 долларлык жардам көрсөтүү багытындагы документке кол коюу учурунда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ билдирди. Элчи 1996-жылдан бери "Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу" программасы иштеп жатканын белгилеп: "Бул жылдар аралыгында 7 миллион 387 278 долларлык долбоорлор ишке ашырылды. Алар адамдын негизги муктаждыктарын жергиликтүү бийликтин, өкмөттүк эмес уюмдардын, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн күчү менен чечүүгө багытталган",- деди.
Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев: "Жайыл психоневрологиялык мекемесинде учурда түрдүү оорулардан жабыркаган 242 айым жашайт. Биздин калкалообуздагы жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн иштерди улантып жатабыз",- дегенин Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.