Чыныбай Турсунбеков Канаданын элчиси менен "Кумтөр" боюнча сүйлөштү

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 17-февралда Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайлды кабыл алды. 

Элчи канадалык тарап “Кумтөр” долбоору менен алдыдагы парламенттик шайлоолорго маани берерин, Кыргызстан менен экономикалык кызматташуу жаатында инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Турсунбеков “Кумтөр” долбоору өлкө үчүн өзгөчө маселе экенин, башталган иш аягына чыгарыларына, эки тарап бир бүтүмгө келе аларына ишенерин айтты. “Парламенттик шайлоолор алдынкы технологиялардын жардамы аркылуу биометрикалык маалыматтар базасын түзүү менен ачык-айкын өткөрүлөт”,- дейт Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан