Журналисттерди коргоо комитети өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу сунушу менен Алмазбек Атамбаевге кайрылышты

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети КРнын Жогорку Соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу, журналист Азимжан Аскаровду бошотуу демилгесин көтөрүүдө. Алар даярдаган петиция президент Алмазбек Атамбаевге да жөнөтүлгөнү маалым болду. “Азимжан Аскаров эл аралык “Басма сөз эркиндиги үчүн 2012” наамына көрсөтүлгөн 4 журналисттин бири. Ал 20-ноябрда боло турган аталган сыйлыкты тапшыруу аземине катыша албайт. Анын ордуна ал түрмөнүн катардагы суук түнүн башынан өткөрөт”,- деп жазылат билдирүүдө. Эске сала кетсек, аталган эл аралык сыйлыкка Бразилия, Кытай, Либерия жана Кыргызстандан бирден журналист талапкер болгон. Азимжан Аскаров 2010-жылкы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларга байланыштуу соттолуп, эркинен ажыратылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан