Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Алиев Рамиз Гюльогланович Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары кызматына дайындалды.
Ага ылайык, Жыргалбек Шамыралиев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.
Ал эми тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынан мэри Айбек Жунушалиев кол койду.