Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында "КРнын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор каралды.
Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2015-жылы Социалдык фонд тармагында иштеген кызматкерлердин социалдык абалына карап 12 миллион сомдун эсебинен кайтарымдуу ссуда берүү сунушталууда. Мындай колдоого муктаж болгондордун катарында төрт-бештен бала тарбиялап жаткан жалгыз бой энелер дагы бар.
Бул жолку каралып жаткан 12 миллион сомдук каражат - каржылык санкциялардын, айыптар менен туум каражаттарынын эсебинен 5 жыл аралыгында жыйналган сумма.
"Социалдык фонд тармагындагы кызматкерлердин айлыгы 10 миңден 12 миң сомго жетип-жетпеген акча. Айлык маянанын мындай аздыгынан бул тармакта тажрыйбалуу адистерди кармап калуу кыйынга турууда. Мисалы, компьютердик техникаларды тейлөө боюнча адистердин тобу 3 ирет алмашып, туруктуу иштебей кетип калып жатышат. Имараттардын абалы тууралуу да абал суктанарлык эмес",- дейт Абылгазиев.
Мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.