9-февралда Талас облусунун борборунда болуп өткөн коллегиялык жыйында 2012-жылы алдынкы көрсөткүчтөргө жетишкен мекемелерге сыйлыктар тапшырылды. Облустагы калктын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу жана аймакты жашылдандыруу максатында өткөн жылдын 3 айлыгынын жыйынтыгы боюнча Талас районунун Долоно айыл өкмөтү 40 миң сом акчалай сыйлык жана 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Ал эми Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү 30 миң акчалай сыйлык жана 2-даражадагы диплом менен, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө жана Манас районунун Май айыл өкмөттөрү 15 миң сом акча жана 3-даражадагы диплом менен сыйланышты.